Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата республикалык бүджетинин мыйзам долбоору каралууда.
Комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков (“Кыргызстан”): “2020-жылы кандай киреше алайын деп жатасыңар?” деген суроону кабыргасынан койду. Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов: “”2020-жылдагы республикалык бүджет мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алганда 163 млрд 710,4 млн сом же ИДПнын 24,5%ын түзөт. 2019-жылга бекитилген бүджеттен 7,9%га көп болот же 11 млрд 948 млн сомду түзөт”, – деди. Депутат Салык жана Бажы кызматтарынын киреше планын сурады.
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Алтынбек Торутаев 2020-жылга карата 51,7 млрд сом планы коюлганын, ал быйылкыга салыштырмалуу 3,4 млрд сомго көптүк кылаарын айтты. Ошондо өсүү темпи 106,4 %ды түзүшү кажет.
“Эгерде 2019-жылдын планын аткарууга жетишпей жатсаңар, бул планды кантип аткарасыңар?” – деп зекиди А.Алимбеков.
“2019-жылдын 10 айынын жыйынтыгына ылайык, 4 млрд сомго жетпей жатабыз. Товардын келиши кескин кыскарып кетти”, – деп жооп берди бажы башчысы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ