Мектеп окуу куралы болгон “Кыргызстандын тарыхы” китебинде өлкө башчысы катары Курманбек Бакиевдин фамилиясы жүрөт. Китептин автору М.К.Иманкулов. Китептин баш сөзүндө: “Бүгүнкү күнү жаш демократиялуу мамлекеттин президенти К.Бакиев республикадагы жарандык жана улут аралык ынтымакты сактоо үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүдө жан үрөп иштеп жатат”, – деп жазылган. Бирок китеп 2006-жылы басып чыгарылган.
Эскерте кетсек, окуу китептерде президенттердин пайда болгону биринчи окуя эмес. 2016-жылы сентябрда коомчулукту орус мектептердин 5-класстар үчүн “Кыргыз тили” китеби таңгалдырган. Анын алгачкы беттеринен эле агездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн кездештирүүгө болот.
Негизи окуу куралы болгон китептер узак мөөнөткө чыгарылгандыктан, эрежеге ылайык ал китеп чыккан убактагы өлкө башчылары жөнүндө сөз болууга мүмкүн эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ