Бул тууралуу, бүгүн, 14-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөзү билдирди. 4-октябрда А.Ж.уулу деген жарандын Honda Stepwgn автоунаасын токтотушкан. Ошондо анын салонунан мыйзамсыз ташылып келаткан Maxvi C20 (1 миң 450 даана), Maxvi C3 (120), Inoi 108 R (250), Nobby 330T (40) жана Led Lighed Makeup Mirror (30) телефондору табылган.
Машинени токтоткондо, айдоочуу товарга болгон уруксат кагазын көрсөтө алган эмес.
Мындан бир аз мурун Ош шаарынан 2 млн 885 миң сомдук Samsung телефондору мыйзамсыз ташылып келаткан жеринен кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ