Menu

Тез жардам автоунааларын 10,9 млн сомго сатып алуу боюнча тендерди уткан компания аныкталды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик сатып алуулар билдиргендей, ал компания – орус-кыргыз биргелешкен “АБМ-авто” ЖЧКсы. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы 23-августта тез жардам автоунааларын сатып алуу боюнча экинчи ирет тендер жарыялаган.

Бул компания 2016-жылы 6-майда кайра каттоодон өткөн. Ээлери – В.Колесников, Г.Колесников жана С.Колесников. Жетекчиси – С.Колесников. Компания автоунааларды сатуу менен иш алып барат. Мындан тышкары тендерге “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы катышкан. Ал компания кайра каттоодон 2012-жылы 25-апрелинде өткөн. Ээси – “Кыргызавтомаш”. Жетекчиси – Ю.Н.Владимиров. Айыл жана токой чарбасына ылайыкташкан тракторлорду жана анын тетиктерин чыгарат. Баса, “Кыргызавтомаш” А.Атамбаевге тиешелүү экенин унутпайлы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: