Menu

Видео – Өзбекстанда дизель таппаган италиялык туристтер жолдо калышты

Бөлүшүү:

12-октябрда Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Касан районундагы май куюу жайда дизель майы жок калгандыктан, италиялык туристтер бараткан автобус жолдо калды.

Май куюу жайынын жетекчиси Ислам Изомовдун айтымында, аларда туристтик компаниялар менен келишимдери болгону менен, күйүүчү май жок болууда.

– Жапониялык туристтер жолдо калгандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга чыккандан кийин бизге 2 тонна дизель майын жөнөтүшкөн. Ал түгөндү. Кызматкерибиз айласыздан айнек бөтөлгөнү жип менен байлап, цистернанын түбүндө калган майды куюп берди. Буга таңданган туристтер сүрөткө жана видеого тартып алышты. Эми аларды интернетке жарыялап, Өзбекстандагы абалды талкуулашса керек.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар 4-октябрда дагы дизель майы түгөнүп, Жапониядан келген туристтер жолдо калганын жазышкан. Энергетика министрлиги күнөөнү жергиликтүү май куюу жайларынын жетекчилерине жүктөгөн.

— Күйүүчү майды дотациялык негизде бөлүштүрүү мөөнөтү аяктады. Демек, май куюу жайлары толук көз карандысыз чарба субъектиси деп эсептелишет. Буга байланыштуу алар күйүүчү майды сатуу маселелерин өз алдынча чечиши керек, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бирок Касан районундагы май куюучу жайдын жетекчиси Ислам Изомов министрликтин бул билдирүүсү күлкүлүү экенин айтты:

— Менчиктештирүү, демонополизация жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин токтомуна ылайык, жеке май куюу жайлары биржада дизель майын жана АИ-80 үлгүсүндөгү бензинди сатып ала алышпайт. Дизель отуну бизге нефтебазадан гана берилет. Министрлик мындай талаштуу билдирүүсү менен көңүлдү башка жакка бургусу келип жатат.

Ал өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жолдоп, дизель майынын жетишсиздигине көңүл бурууну өтүнүп, болбосо Өзбекстан чет өлкөлүк туристтерге шылдың болуп жатканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: