Menu

Өткөндө болгон кыргыз-тажик чегарасындагы ызы-чууда мурдагы талаа командири Шох Искандаровду көрүшкөн. Анын максаты эмнеде?

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Телеграм-каналдар жазып чыгышты. Макала “Эмнеге Рахмон чегарага мурдагы талаа командирин алып барып жатат?” деп аталат. Андан төмөндөгүлөр айтылат:

Тажикстан менен Кыргызстан чегара маселесин оор кыйынчылыктар менен чечүүгө мажбур. Анткени Тажикстанда президенттик шайлоо, Эмомали Рахмон уулу Рустемди коюуга ашыгып жатат. Ошондуктан тополоң көп чыккан Согдий облусундагы электорат абадай керек. Байкашыбызча, Рахмон согдийлерлерди айланасына топтоп жаткан учуру, аларга өкмөт башчы кызматы да убада кылынган имиш. Согдийлерди бириктирүү үчүн атайын Кыргызстан менен болгон чегарада чуу чыгартып жатат.

Дагы бир маанилүү жагы – бул баңгизат каналы, накталай акчалар, шайлоочулар менен мурдагы талаа командирлерин сатып алууга абдан керек болот. Ошондуктан чегарада генерал-майор Искандарзода Махмудшо “Шох” пайда болду – мурдагы талаа командири, кызматынан ылдыйлоого макул болуп, “Исфара-1” ИИМнин бөлүмүн башкарып калды. Бул кызматта анын милдети – Коканд багытындагы “Согдий облусу – Өзбекстандын Фергана жана Ташкент облустары” маршруту менен баңгизат каналын жолго коюу.

ММКлар жазып чыккан, 2019-жылы майда Ош шаарынын аэропортунан Исфара районунун 3 баңгизат чабарманы колго түшүп, алардан 3 кг героин табылган. Бул Шохтун жинине тийип, ошондуктан чегарада кыргыздарга тийиштик кылдырышы мүмкүн эле.

Бизге жеткен булактардан улам билингендей, Согдий облусунун күч түзүмдөрү чегарадагы айылдарда жергиликтүү тургундардан турган максаттуу ыкчам топторду түзүүгө жергиликтүү бийликтерге расмий эмес, көз кыскан буйрук беришкен. Ал топторду тажик чекисттери менен жергиликтүү ИИМ түзүмдөрү башкармакчы.

Шохтун бул ою боюнча ал топтор кыргыз тараптын кылган аракеттерине улам каршы чыгып, тополоң чыгаруу аракети. Мындай топтор 2019-жылдын 13-мартында “Аксай-Тамдык” автожолунда, 8-9-августта Арка айылына жакын жерде, 31-августта “Төрт көчө” жеринде араздашкан ызы-чуу жаратышкан.

Генерал-майор “Шох” чегарадагы куралдуу тирешүү алдында Тажик ИИМинин жетекчилиги менен сүйлөшпөй туруп, 2019-жылдын 17-сентябрында Овчи-Калача деген айылга келген.

18-сентябрда өзүнүн тарапташтары менен (Рагит району менен Турсунзаде шаарчасындагы согуш тажрыйбасы бар милиция кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар) Ворух айлына келишип, албууттанган жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөн (орой айтканда, көкүтүп кетишкен).

Согдий облусунун жашоочуларынын айтымында, Шохтун 30 чакты тарапташы бар – жакшы дарядалган куралчан согушкерлер, “Камаз”, “Спринтер” автоунаалар жана “Тойота”, “Мицубиси”, “Лексус” сыяктуу жолтандабастар менен жүрүшөт.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберген, анда Ворух анклавында генерал Шох Искандаров бир нече кишилер менен жүргөнү тынчсыздандырып жатканы айтылган. Генерал Ворухка келери менен Исфара менен Баткен чегинде 8 тажик-кыргыз чегарачылары жарадар болушкан. Бирок тажик тарап генерал боюнча эч кандай түшүндүрмө берген эмес.

Былтыр, 3-декабрда Шох Искандаров “Озоди” радиосуна маек берип, анын дайындалышы эч кимди тынчсыздандырбашы керектигин айтканы бар: “Мен ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалдым. Менин милдетим – тартипти сактап, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Мен Тажикстандын жаранымын, Исфара – менин өлкөмдөгү шаарлардын бири. Улуу урматтуу мага ишенип жатса, ички иштер министри мени кызматка коюп жатса, мен өз ишимди аткарууга милдеттүүмүн. Ишимди аткарууда мен эч кимден коркпойм. Тескерисинче, улутубуздун душмандары жана кылмышкерлер менден корксун, биз алар менен аоесуз согуша беребиз”, – деген.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: https://knews.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: