Menu

Фото – ИИМдин МАККББнын түзүмдөрү арасында Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган Динамиада өткөрүлдү

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын түзүм бөлүмдөрү арасында Кыргыз милициясыны 95 жылдыгына арналган Окуу-машыктыруу борборунун базасында  10-11-октябрь күндөрү Динамиада өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Динамиадага 8 команда катышып, спорттун түрлөрүнөн-тогуз коргоол, шахмат,  дартс, стритбол, жеңил атлетика, кол күрөш  боюнча мелдешишти. Аталган спорттук иш-чаранын жүрүшүндө, өзүлөрүн мыкты көрсөтө алган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ИИМдин түзүмдөрү арасында өтүлүүчү Динамиадага тандалып алынды. Андан тышкары жекече жана жалпы командалык эсебинен жетишкендиктери үчүн Кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Жалпы командалык жеңиште 1-орунду Бишкек шаарынын Биринчимай райондук күзөт бөлүмү ээлеп, чемпиондук Кубок, диплом жана “Динамо” коомунун 90 жылдык китеби менен сыйланды, Ал эми, 2-орунду Ленин райондук күзөт бөлүмү ээлеп, алар диплом жана китеп менен сыйланышса,  3-орунга татыган Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн командасы диплом жана китеп менен сыйланышты.
Жеке мелдештердин жеңүүчүлөр дагы эске алынып, ээлеген орундарына жараша диплом менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Динамиаданын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын башчысынын орун басары,  милициянын полковниги Э. Тажиев, “Динамиадага катышкан кызматкерлерге ийгилик каалап, алардын дене-тарбия даярдыгы Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда эң маанилүү болуп саналат, анткени биздин кызматыбызда кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо эбегейсиз зор таасирин тийгизет” – деп баса белгилеп кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: