“Былтыркыдай картөшкө менен быйыл көйгөй жаралбайт”, – деп К.Боронов ЖКнын агрардык саясат комитетинде билдирди.
Анын айтмында, азыр кээ бир өлкөлөр менен, мисалы, Украина менен келишимдер түзүлгөн.
“Кээ бир булактардан маалым болгондой, быйыл бир канча өлкөлөрдө, анын ичинде Украинада картөшкөнүн түшүмү аз болуп калган. Биз 1,5 млн тонна картөшкө алабыз деп турабыз, анын 900 миң тоннасы ички базарга кирет, калганы эскпортко кетет”, – деди ал.
Эскерте кетсек, былтыр Айыл-чарба министри Н.Мурашев дал ушул картөшкө өтпөй, “Кара көлөч” деген антисыйлыкка ээ болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ