Menu

Курсан Асановдун баш коргоо чарасын 23-декабрга чейин узартып коюшту

Бөлүшүү:

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы бүгүн, 14-октябрда Бишкектин Биринчи май райсотунда каралып, 23-декабрга чейин үй камагына калтырышты.

Ал 2019-жылдын 13-августунда “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген шылтоо менен кызматынан алынган эле. Ал 8-августта өз ыктыяры менен колго түшүп берүү жөнүндө мурдагы президент А.Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кийин дал ушул сүйлөшүүлөр үчүн кызматтан алынганы билинген. “Асанов жеке пиары үчүн ИИМ министри Кашкар Жунушалиев менен Атамбаевдин сүйлөшүүсүнө кийлигише калганы үчүн” кызматтан алынганы айтылган.

14-августта ага карата “ээлеген кызматынан кыянатык менен пайдаланган” деген кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту 13-октябрга чейин үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: