Көп кабаттуу үйдөн секирип өлгөн 14 жашар бала жөнүндө кабар бүгүн WhatsApp мессенжери аркылуу таркатылууда.
Ага ылайык, бала достору менен супермаркетке кирип, шоколад уурдап алган. Аны дүкөндүн кароолчулары кармап алып, ата-энесинин телефондорун алып, коё беришкен.
“Кырсык “Чыгыш-5” кичи районунда болду. Үйүнө эки бала кайтып келишмек, бирөөсү келип, бирөөсү – жок. Ал шоколад уурдаганына уялып, коңшу кабат үйгө кирип, сегизинчи кабаттан секирип кеткен”, – деп айтылат таратылган кабарда.
Ыкчам медицина борборунда тез жардамга ушундай маалымат түшкөндүгүн тастыкташты. 14 жаштагы өспүрүм жетинчи жана сегизинчи кабаттардын ортосундагы терезеден секирип кеткен. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ