Бүгүн, 14-октябрда Кара-Көл шаарынын вице-мэри Калыбай Өскөн уулун акыркы сапарга узатышты.
Коштошуу зыйнатына Жалал-Абад облусундагы өкмөт өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, шаардын жетекчилери катышты.
К.Өскөн уулу 56 жаш курагында кылкурт оорусунан (рак) каза болду. Ал 2017-жылдын июнунда биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Азыр анын милдетин Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Эркиналы Бабакановдун уулу Элдияр Бабаканов аткарууда. Уулунун дайындалышы менен атасы депутаттык мандатын тапшырып берген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ