Menu

Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бакуга келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары менен Баку шаарына (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

ТТМККнын кезектеги жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.

Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өтөт.
Ошондой эле ТТМКК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын болушу күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: