Кечээ, 14-октябрда ЖКнын аталган комитети дал ушул маселени карап, колдоп бергенин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
ЖКнын токтом долбооруна депутаттар М.Сабиров, К.Бокоев, А.Жунус уулу, Э.Сурабалдиева, Б.Турусбеков демилгечи болушкан.
Демилгечилердин бири – депутат Максат Сабиров (“Республика-Ата Журт”) Көлдө эң маанилүү тармактардын бири туризм экенин белгиледи. “Соңку жылдары кышкы туризмди өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп келет. Жайкы туризм- 3 айга созулса, кышкы туристтик сезон – 4 айга созулат. Мисалы, кышында “Каракол” жана “Жыргалаң” тоо лыжа базалары иштеп турат”, – деди депутат.
2017-жылы кышында Каракол шаарына 24 300, 2018-жылы – 20 058 турист келген. Быйыл кышкы туризмден 2017-жылга караганда 25%га көп салыктан түшкөн. Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун генералдык планынын долбоору даяр турат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ