Menu

Акыры АКШ Түркияга каршы санкция киргизди

Бөлүшүү:

15-октябрдан баштап АКШ бийлиги Түркиянын коргоо жана энергетика эки министрлигине жана үч министрге каршы санкциялар киргизилди, – деп АКШнын Каржы министрлиги билдирди. Бул жерде Түркиянын коргоо министри Хулуси Анкар, ИИМ башчысы Сулейман Сойлу жана Энергетика министри Фатих Донмез санкциялык тизмеге киришкен. Бул министрлер менен министрликтердин АКШдагы активдери тоңдурулуп, америкалык жарандарга алар менен иш алып барууга тыюу салынат. Кимде-ким тизмедеги тараптар менен келишим түзүп, иш кылса, анда ал кишилер да кара тизмеге кирет. Мындай чектөөлөр Түркиядагы БУУнун жана Бейөкмөт уюмдардын ишине тоскоолдук кылбайт. Ошондой эле Кошмо Штаттар түрктөрдүн Сирияга болгон гумжардамдарын чектебейт.

Вашингтондун санкциялары Анкаранын Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан күрддөргө каршы аскердик операциясына жооп болду. 9-октябрда Түрк куралдуу күчтөрү “Тынчтык булагы” аттуу аскердик операция жасап, Сирияга кирип барган эле. АКШ менен европалык өлкөлөр буга каршы чыгышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: