Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, Ильхам Алиев бүгүн эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи. Ал Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарындагы былтыркы ТТМКК Саммитинин жүрүшүндө маселелердин кеңири спектри талкууланганын баса белгиледи.

«Бүгүн биз баарлашуубузду улантып жатабыз. Саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулайбыз деп ишенем», — деп айтты Ильхам Алиев.

Ал Кыргызстан Азербайжанга  боордош өлкө, дос жана өнөктөш экенин өзгөчө баса белгиледи. Өлкөлөр ортосундагы байланыштар жылдан жылга бекемдей берерине ишенимин билдирди.

Ильхам Алиев Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Түрк кеңешинде натыйжалуу төрагалык кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ТТМККда төрагалык кылууну кабыл алып жатып, кийинки жылы Уюмдун ортосундагы өлкөлөрдүн шериктештиги жана өз ара колдоосун бекемдөө жана кызматташтыктын реалдуу мазмунунун толтурулушуна бардык аракеттерди көрөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал Сооронбай Жээнбековдун Азербайжанга иш сапары жемиштүү жана ийгиликтүү болоруна ишеним билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарындагы эртеңки ТТМКК Саммити мааракелик жана тарыхый мүнөзгө ээ экенин белгиледи.

Азербайжандын Президентинин саясий эркинен улам Бишкек шаарында экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясы ийгиликтүү өткөнүн өзгөчө белгиледи.

Ал бул жыйын эки тараптуу мамилелерге, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөгө жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Азербайжан Кыргызстан үчүн боордош жана дос өлкө экенин белгиледи, Азербайжан тарап менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берилет.

«Биз ар дайым мамилелерибиз өз ара пайдалуу шарттарда ишенимдүү жана активдүү өнүгүшүнө умтулабыз», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Ильхам Алиев чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий визит менен келүүнү пландап жатканын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: