Ош облусунда жини кашайган киши коңшусунун уйларынын куйруктарын кесип, тандырга өрттөп жиберген. Бул кылыгы үчүн 30 миң сом айып пул төлөгөнү калды. Ушундай чечим бүгүн, 15-октябрда Жогорку Соттун сайтына жайгаштырылды.
Айып пул “Жаныбарларга ташбоордук мамиле жасоо” беренесине ылайык чыгарылган. Бул окуя быйыл жайында июлда болгон. Сот отурумунда айыпкер коңшунун эки ую короосуна кирип, өстүргөн жашылчаларын күнүгө тебелей бергендиктен, коңшусуна айтса, укпай койгондуктан, жини менен куйруктарын кесип салганын, өзү 2-топтогу майып экенин айткан.
Уй ээси болсо, малды жакында эле сатып алышкандарын, мамыга байланган жеринен жоголуп кетишкенин, көп өтпөй, канжалап, куйруктары жок келгенин айтып берген.
Сот ишти 2 ай карап, айып пул салып олтурат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ