Menu

Атамбаевдин бизнес өнөктөшү, Кыргызстанда чоң акчаларды жүгүртүп, бирок эч салык төлөбөгөн Субихи Пархати кармалды

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча жаш бизнесмен Субихи Пархати кармалды. Ага кылмыш кылган деп шектелип жатканы боюнча билдирме берилди.

Мурда бул бизнесменге издөө жарыяланган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны өлкөдөн чыкпоо баш коргоо чарасын чыгарды. Субихи Пархати Атамбаевге кирешелерин адалдап жүргөнү боюнча шектелүүдө.

Эскерте кетсек, 2017-жылы А.Атамбаев «Форум» ЖЧКсын 54 миллион сомго бизнесмен Субихи Пархатиге саткан. Мурдагы президенттин декларациясында 2017-жылы бул акчалар көрсөтүлгөн эмес. Алыш-бериш учурунда сатып алуучунун төлөө мүмкүнчүлүгү жана анын акча булагы текшерилген эмес.

Пархати «Хуасинь» инвестициялык компаниясы” ЖЧКсы менен “Азия профессионал” ЖЧКсынын ээси. “Каржы министрлигин ачык бүджет” порталынын маалыматына ылайык, компаниялары экономикалык жактан активдүү эмес, эч кандай салык төлөбөгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

56 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: