Бүгүн, 15-октябрда Суусамырда «Хонда Степвагон» жана «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, беш киши оор жаракат алып, эки адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсыгы Бишкек—Ош унаа жолунун 155-чакырымында болгон. Эки машинанын кагылышуусунун кесепетинен эки киши каза болуп, 5 киши жабыркаган. Ал жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдардын сөөгүн машинадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Жайыл районундагы ооруканасына жеткирилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ