Menu

“Республика – Ата Журт” 2020-жылы парламенттик шайлоого барбайт…

Бөлүшүү:

Кыргызстанда кайрадан саясий жүрүштөрдүн курч алганы байкалууда. Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдана башташты. Жогорку Кеңеште мандат саны боюнча экинчи орунда турган «Республика – Ата Журт» фракциясы шайлоого азыркы курамында катышпастыгын «Ата Журт” партиясынын мурдагы лидери Камчыбек Ташиев айтып чыкты. Бабанов шайлоолорго шайы деле келбей турат. Бирок, баруу боюнча ниети күч экени айтылып эле жүрөт. Байкашыбызча Бабановду бардырбай байлоо аракети болушунча жүрүп жатканы маалым. Баары ачык деле эмес. Ошентсе да, бул жоромолдорду туура көргөндөр, эмитен эки жээктеп жатканы билинүүдө. Алардын бири “Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев болууда. 2014-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика» менен «Ата Журт» партиялары биригип, Жогорку Кеңеште депутаттардын мандаты боюнча экинчи орунга ээ болгон. Бирок 2020-жылы алар шайлоого өз-өзүнчө барууну чечишти. Муну Ташиев ачык эле айтты. “Биз, албетте, шайлоого камданып жатабыз. Азыр даярдык жүрүп жатат. Шайлоодо жеңишке жетебиз деген үмүт бар. «Ата Журт» «Республика» менен бирикпейт жана 2010-жылдагы ийгиликти кайталайбыз деп ишенем. Өмүрбек Бабанов менен көптөн бери сүйлөшө элекмин, көрүшкөн да жокмун. Ал шайлоого барабы-жокпу, билбейм, – деди Ташиев.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: