Menu

5 миллионду жеп, 1 миллионду сотко берип актала берсе не болот?

Бөлүшүү:

Акыркы кездерде кыргыз сотторунан үй камагына чыгып, сырттан сурак берген учурлары көбөйүп кетти. Кызыгы алардын көпчүлүгү мамлекеттик чиновниктер экени белгилүү. Болгондо да миллиондорду сугунуп, болуп көрбөгөндөй кылмыштар мойнуна илинип, бирок ээн эркин басып жүргөнү коомчулукта жакшы эле нааразычылыктарды пайда кылууда. Эмнегедир акыркы кезде мындай жолго баруунун ыкмаларын да өздөштүрүп алышкандай. Кайсыл гана чиновник абакка алынбасын, бир ай өтпөй оорулуу болуп
чыгаары белгилүү. Мунун арты айрымдарын абактан алып чыгып, үй камагына кириптер кылууда. Жемкорлордун бири, 2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалып абакка алынган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев дагы үй камагына чыгарылганы белгилүү болду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү кечээ ырасташкан. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.

Ушундай аракеттерден улам ой келет. Азыр коомдо баарын сатып алып, сатып ийгенге да болот. Сотунан баштап баары сатылып жатканы жашыруун деле эмес. Эгер эртең өлкөнү башкаруу үчүн 100 миллионду жеп, анын 50 миллионуна сотторду сатып алса болот деген жасалма жетекчилер, тендерди уюштуруучулар атайын ошондой арам ой менен келбесине кепилдик барбы? Ойлонуп да көрүү керек. Жегичтер четинен эле жеңилдик алып атышса, ушуну айтпаганда не демек элең?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: