Бүгүн, 15-октябрда, орустардын атактуу ырчысы Наташа Королева өзүнүн Instagram баракчасына Зеленскийге кайрылган постун жайгаштырган. Көрсө, чоң апасы каза болуп, Украинага киргизбей жаткан экен. Негизи Наташа Королева Украинада төрөлгөн. Ырчы, актриса, фотомодель, теле алып баруучу, Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери. Россия Украинанын Крым, Донбасс, Луганск жана башка жерлерин басып ала баштаганда Россиянын баскынчылык саясатын колдогон орустардын бир катар саясатчылары менен ырчыларына Украинага кирүүгө тыюу салган эле. Азыр ал соттук чечимдер күчүндө. Ошондуктан Наташа өз чоң апасын оо дүйнөгө узата албай олтурат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ