Menu

Орустар кримтөбөлдөрүн саресепке салып, миллиардерлерин аташты

Бөлүшүү:

Орусиянын ички иштер министрлиги активдүү 432 “мыйзамдагы ууруну” эсептеди. Алардын 318и эркиндикте экен, 114ү – түрмөдө, 31и – тергөө абагында, 19у – изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн crimerussia.com сайты жазып чыкты.

Кримтөбөлдөр арасында эң көп улут грузиндер – 242 киши, 2. орустар – 51, 3. армяндар – 30, 4.эзиддер (күрддөр) – 26, 5. азербайжандар – 16, 6. абхаздар – 10, 7. чечендер – 10, 8. еврейлер – 7. Алардын тизмесин түзүүдө украиналык кесиптештери жардам берген. Эки өлкө саясый жактан тирешип турса да, бул органдары ар дайым уюшкан кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшүп келишет. Эки өлкөнүн күч түзүмдөрү азыркы тапта эң коркунучтуу кримтөбөл Надир Салифов (Гули) экенине токтолушкан, ал өз таасирин Орусияга да, Украинага да катуу жайылтып келет.

Ал эми азербайжан кримтөбөлдөрдүн бардыгы орус жарандыгына ээ. Азыр орус түрмөлөрүндө Ильгар Алиев, Талех Даглиев, Эмин Ахмедов, Заур Шипилов, Али Гейдаров, Ульфат Тагиевдер олтурат. Жакында эле Хаджибаба Талыбханлы колго түштү. Юнус Назаров Өзбекстанда жашайт. Дато Агджабединский Украинада орун-очок таап алганына көп болгон. Ал эми Гули менен Алибайрамлинскийди Орусиянын талабы боюнча Интерпол издеп жатат.

Булардын арасында миллиарддаган долларларга ээ кримтөбөлдөр: Гули, Юсуф Шамхорский, Вагиф Дипломат, Альберт Рыжий жана Рашад Гянджинский.

Орустардан Сергей Аксенов (Аксен Измайловский) жана Владимир Тюрин (Тюрик) эң байлары катары саналат.

Гулинин негизги акча булагы – бүтүндөй Орусиядагы жашылча-жемиш саткан базарлардан түшүп турат. Мурдагы атаандашы – Ровашан Ленкоранский өлтүрүлгөндөн кийин бул тармак толугу менен Гулинин колуна өткөн. Ошондой эле бизнесмендерди уурдап кетип, акча өндүрүшөт.

Ал эми Кыргызстандын кримтөбөлдөрүн саресепке алган жан болду бекен?

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: