Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ТТМККда төрагалыгынын негизги жыйынтыктарын чыгарды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынында Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын негизги жыйынтыктарын чыгарды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өзүнүн төрагалык мезгилинде Уюмду мындан ары өнүктүрүү, мамлекеттердин ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты, достук мамилелерди бекемдөөгө бардык күч-аракеттерди жумшаганын билдирди.

Жалпысынан алганда Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери 55 иш-чара уюштурулса, анын ичинен 15и — Кыргыз Республикасынын төрагалыгында өткөнүн айтты.

«Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилинде Венгрия байкоочу статусуна ээ болуп, Өзбекстан Уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Венгриянын борбору Будапештте Түрк кеңешинин Европалык Өкүлчүлүгү ачылды. Өкүлчүлүк түрк жана европа цивилизацияларынын ортосунда өз ара жигердүү байланыштарды түзүүгө түрткү берет. Өзбекстандын жана Венгриянын Түрк кеңешине катышуусу менен, биздин башка боордошторубуз дагы жакынкы келечекте уюмга кошулууга кадам таштайт деп ойлойм», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Уюмдун кеңейиши менен, кызматташтык көп тараптуу өнүгүп, түрк тилдүү элдердин ортосундагы карым-катнаштар күчөйт деген ишенимин билдирди.

Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында Түрк инвестициялык-интеграциялык Фондунун концепциясы бекитилип, билим берүү жана транспорт тармактарында кызматташуу күчөгөнүн, үстүбүздөгү жылдын июль айында Стамбул шаарында Түрк биргелешкен Соода-өнөр жай палатасынын кеңсеси ачылганын кошумчалады.

Ошондой эле Түрк Кеңешинин Ислам кызматташуу уюмунда байкоочу макамын алуусу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. «Ош шаары — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды. Анын алкагында „Түрк дүйнөсүнүн этно-маданий фестивалы“, „Байыркы Ош — цивилизациянын борбору“ сыяктуу эл аралык иш-чаралар болуп өттү», — деп эске салды Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстандын төрагалык учурунда ушул маанилүү иштерди жүзөгө ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөткөнү үчүн ТТМККга мүчө мамлекеттердин бардык башчыларына ыраазылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: