Башкалаабыздын милиция кызматкерлери мамлекет аралык издөөдө жүргөн, колунда жасалма паспорту бар өзбек жаранын колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Бишккек ШИИБиси билдирди.
1982-жылы туулган З.О. аттуу чет элдик жаран Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 182-беренесин (бажы мыйзамын бузуу) жана 28-223-беренесин (мыйзамсыз өлкөдөн чыгуу жана мыйзамсыз Өзбекстанга кирүү) бузганы боюнча издөөдөн жүргөн экен. Тергөө амалдары учурунда кыргыз жараны М. менен сүйлөшүп, 1500 долларга 1988-жылы туулган У.О. аттуу ысымга берилген кыргыз паспортун сатып алганы билинип олтурат. Бирок мындай паспорт бизде катталган эмес, жасалма болуп чыкты.
Шектүү адам убактылуу кармалуучу жайга 2 айга соттун чечими менен киргизилди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ