Menu

ИИМ: Тергөө тарабынан Ф.Ниязовго жана анын коргоочусуна иштин материалдары менен танышуусуна тоскоолдук болгон эмес

Бөлүшүү:

Тергөө тарабынан Фарид Ниязовго жана анын коргоочусуна иштин материалдары менен танышуусуна тоскоолдук болгон эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Фарид Ниязов тергөөчүлөрдүн аракетсиздигине нааразы болуп жаткандыгы жөнүндө малымат тараган. КСДПнын маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдиришкендей, тергөө тобунун жетекчисинин жана тергөөчүлөрдүн аракетсиздигинен Фарид Ниязовду коргоо даттануусун сот канаттандырган. Шектүү Фарид Ниязов менен анын коргоочусун дайындалган экспертизалар жөнүндө токтомдор менен тааныштырбагандыгы, ошондуктан алар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 172 менен 174-беренелеринде көрсөтүлгөн алардын укуктарын одоно бузгандыгы белгиленген.

Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-август күндөрү массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш иши иликтенип жатат. 2019-жылдын 10-август күндөрү Ф.Ниязовго массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу кылмыштарын жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылып, тергөө тарабынан жогоруда аталган кылмыштарга шектүүлөрдүн бири катары таанылган.

Тергөө учурунда шектүү Ф. Ниязов бир нече жолу №1 тергөө абагынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн алынып келинген. Бирок, ушул жылдын 5-сентябрь күнү, жактоочусу У. Индикеевдин катышуусунда Фарид Ниязов жеке чечиминин негизинде жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттерине катышуудан баш тартты. Жактоочу өзүнүн жеке колу менен Ф. Ниязовдун тергөө иш-аракетерине катышуусунан баш тарткандыгын каттаган. Ушуга байланыштуу, тергөөнүн аны дайындалган экспертизалар жана анын корутундусу менен таныштырууга мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Ички иштер министрлиги белгилеп кетет, тергөө кызматы бүгүнкү күнгө чейин шектүү Ф.Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштердин материалдары менен танышуусуна тоскоолдук кылган эмес жана тоскоолдук кылбайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: