Menu

Видео – Аида Салянова, экс-генпрокурор: “Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук отурум жабык эшик артында экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз башталды. Мындай маалыматты Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев тыныгууда билдирди. Анын айтымында, Атамбаев «баштапкы соттук отурумду менсиз эле өткөрө бергиле» деген арыз жазып берген. Сот болсо ал арызды канааттандырган.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова менен Биринчи май райондук сотунун залынан экинчи жолу жолугуп жатабыз. Биринчисинде 11-октябрда, эми бүгүн, 15-октябрда. Эки жолу тең Аида Жеңишбековна иниси Улан Саляновдун өлүмү тууралуу сотко келгенин, Батукаев боюнча аны азырынча сот чакыра электигин, эгер чакыруу алса, андан баш тартпасын, бирок бул иште анын күнөөсү жоктугун жана сотко иш өтө электигин айтты. Ошондой эле ал журналисттердин Атамбаев тууралуу суроосунун бардыгына жооп берди. Кыскасы, бир адамдын азабынан канча деген адам жабыркап жатканын, Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин жана Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна түздөн-түз тиешеси бар экенин баса белгиледи.

Аида Салянованын айткандарын толугу менен төмөндөгү видеотасмадан көрө аласыз!

Эске сала кетсек, Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда Аида Салянова камакка алынып, №1 тергөө абагына камалган. Эки жарым айдан кийин 15-августта үй камагына чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: