Menu

Элчи Чыңгыз Эшимбеков Катардын Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысы д-р Ахмад Хассан Аль-Хаммадиге Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Д-р Ахмад Хассан Аль-Хаммади Кыргызстандын Катардагы Элчиси катары дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызматташууга чоң потенциал бар экендигин айтып, аны боордош эки элдин кызыкчылыгы үчүн колдонуунун зарыл экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Чынгыз Эшимбеков кыргыз-катар мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн баардык күчтөрүн жумшоого даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: