Menu

Калыбек Качкыналиевдин да, Алмазбек Атамбаевдин да адвокаттарынын суранычын сот канааттандырган жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук отурум жабык эшик артында экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз болуп өттү. Соттук угуу эртең, 16-октябрда уланат.

Батукаев боюнча ишке 15тен ашык мурдагы жетекчилерге жана дарыгерлерге айып коюлган. Учурда «Коррупция» беренеси менен 4 киши сотко чакырылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов. Атамбаев менен Качкыналиев абакта, Жолдубаева менен Раимжанов үй камагында. Бүгүн Атамбаевден башкасы сотко катышты.

Калыбек Качкыналиевдин адвокаттары соттон анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышкан, сот аны канааттандырбай койгон. Ошондой эле Атамбаевдин адвокаттары да ага козголгон кылмыш ишин кыскартуу тууралуу соттон өтүнүшкөн, ал четке кагылган. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Эске сала кетсек,  адам өлтүрүүбоюнча оор кылмыштар үчүн 16 жылга соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы 9-апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн 8 жыл мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Уюшкан кылмыштуулуктун кызыкчылыгы үчүн коррупцияга катышкан» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта олтурат.

Кыргыз депутаты Тынчтыкбек Акматбаевди жана анын жардамчыларын өлтүргөн кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн 8 жыл эрте бошотуу үчүн кыргыз бийлиги 10 млн доллар пара алгандыгы көптөн бери айтылып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: