Menu

КР Жогорку соту: Сот отуруму айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин катышуусу жок өттү

Бөлүшүү:
Бүгүн, 15-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевди  абактан мыйзамсыз  бошотуу боюнча алдын ала угуу соттук отуруму улантылды. Сот отуруму айыпталуучу А.Ш.Атамбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 275-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, ишти анын катышуусу жок кароо боюнча  өтүнүч келип түшкөндүгүнө байланыштуу,  айыпталуучу А.Ш. Атамбаевдин катышуусуз өттү. Бул тууралу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирет.

2019-жылдын 15-октябрында соттук отурумда  айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу С. Слесарев тарабынан айыпталуучу А.Ш. Атамбаевге карата бөгөт  коюу чарасын жокко чыгаруу, кылмыш ишин токтотуу, К.О. Качкыналиевдин кызыкчылыгын коргогон  жактоочу У.С. Караев тарабынан кылмыш ишиндеги материалдарды ачыкка чыгаруу жөнүндөгү өтүнүчтөр берилди. Мындан тышкары  К.О. Качкыналиевдин бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жана кылмыш ишиндеги материалдарды ачыкка чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөр келтирилди.

Соттун токтому менен  жактоочулардын айыпталуучулар  Атамбаев жана Качкыналиевдин бөгөт коюу чарасын, кылмыш ишин токтотуу боюнча келтирилген  өтүнүчтөрү канааттандыруусуз калтырылды. Сот тарабынан  бул кылмыш иши боюнча кийинки соттук отурум  2019 — жылдын 16-октябрына саат 10:00го  белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: