Парламенттик шайлоо чукулдаганы саясатчылардын төрт аягы тыбырап, Кыргызстандын өнүгүү жолдорун издей баштады. Дастан Бекешов да өз ойлорун ортого салган экен. Анда Башмыйзамдын өзгөрүүгө муктаж экендигин айткан. Бирок ким бийликке келбесин, Конституцияны өз кызыкчылыгына гана бурмалап келгенин келтирип, эми да С.Жээнбековду Башмыйзамды өзгөртүүгө түртүп жатышканын белгилейт. Бирок азыркы президент тарыхта Башмыйзамды өзү үчүн өзгөртпөгөн президент катары калышы керек деп эсептейт. Андыктан азыркы бийлик Коонституциялык кеңеш түзүп, жаңы Башмыйзамды иштеп чыгууга үч жыл берилиши керек экен. Ошондо бардык калпыстыктар каралып, 2023-жылы президенттик шайлоо менен бирге Башмыйзам боюнча референдум өткөрсө болот дейт. Конституцияга төмөнкү өзгөрүүлөрдү да сунуш кылган:
– парламентти 90 депутатка чейин кыскартуу;
– сессияда 30 күндүн ичинде катары менен 3 күн келбей койгон депутат кетиши керек;
– депутаттар партиялардан шайланат, бирок бир округдан өз талапкери коюлат;
– Өкмөт курамы уткан партия тарабынан түзүлөт, партия лидери премьер-министр болот;
– Өкмөткө тандалып алынган депуттардын мандаты сакталат;
– парламентке өткөн партиялар жыл сайын эл алдында жооп берип турат;
– соттор парламент тарабынан бекитилет; Улуттук банктын, Улуттук статистикалык комитеттин, Улуттук коопсуздук органынын төрагалары өкмөт башчынын сунушу менен парламентте шайланат;
– прокуратура органдары жоюлуп, милдеттери Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилет;
– Президентке куралдуу күчтөр менен тышкы саясат калат.
“Ушундай өзгөрүүлөр менен тарыхтын жаңы барактарын ачабыз, ал баракта өлкөбүздүн өнүгүшү камтылат”, – дейт депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ