Menu

$5 млн. үчүн айыпталган Мирлан Бегалиев үй камагына кантип чыккан?

Бөлүшүү:

Азыр абакта “эс алып” жаткан мурдагы президент А.Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири болгон, өзү да эсепсиз уурдап-жегендиги үчүн темир тордун ары жагында отурган Бишкектин экс-мэри А.Ибраимовго козголгон кылмыш ишинин алкагында ал бир кезде “Манас” аэропортун жетектеп турганда $5 млн. уурдалгандыгы белгилүү болгон. Бул иш же 2014-жылы “Манас” аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылгандыгы белгилүү болду.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү 14-октябрда ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) “Манас” аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Аталган иштин алкагында 30-сентябрда 2014-жылы “Манас” аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеген, учурдагы Бишкек филиалынын башчысы Мирлан Бегалиевдин камакка алынганы кабарланган болчу. Демек, биздин соттордун да таза эмес иштеп жаткандыгынан шек жаралууда. Балким, аларга президент өзү көңүл бурар…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: