Menu

Тажикстанда сойкулар тууралуу видео тарткан блогерлер соттолууда

Бөлүшүү:

«Трассалардагы сойкуларга карата жүргүзүлгөн рейд» аталышында видео тартып, аны “Ютубга” жүктөгөн төрт тажик блогери жеке жашоого кол салуу айыбы менен соттолууда.

Биринчи соттук угууда блогерлер күнөөсүн мойнуна алышты, ага чейин алар коомчулукка туура маалымат гана жеткирүүнү көздөшкөнүн билдиришкен.

Блогерлерге каршы алты аял арыз жазган. Жабырлануучулардын бири сотто блогерлер аны жашыруун камера менен тартышканын билбегенин айткан. Дагы бири видео интернетте тарагандан кийин жүзү көрүнбөгөнүнө карабай, туугандары таанып калганын билдирген. Ал эки балалуу жалгыз бой эне.

Сойкулар тууралуу видеону интернетке жүктөгөн төрт блогер быйыл июнь айында кармалган. Алар сойкулук менен алектенген аялдарды автоунааларына салып, жашыруун камера менен кызмат акылары тууралуу маалымат алышкан.

Блогерлерге “Жеке жашоо тууралуу мыйзамсыз маалымат чогултуу жана таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер алардын күнөөсү аныкталса, 1000 доллардан 2500 долларга чейин айып пул төлөп же бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына кесилиши ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: