Menu

Видео – Ташманбет Кененсариев, профессор: “Москвага барганда атамдын айткан сөзү алигүнчө эсимде. Ал сөзү академиктерге да жаккан”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын XIX кылымдагы жана Кокон хандыгы тарыхы боюнча адистердин бири, тарых илиминин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий конференция жана «Кыргызстан оторчулук доорунда» деген аталыштагы 760 беттен турган китебинин бет ачаары 19-октябрда өтөт.

Ал эл аралык конференцияга белгилүү профессорлор, илимдин докторлору, тарыхчылар жана Казакстан, Өзбекстан, Кытайдан ири окумуштуулар келип катышат. Мындай иш-чарага ким каяктан келип катышаарын, ким колдоо көрсөтүп жатканын агай азыноолак айтып берди.

Профессор Ташманбет Кененсариевдин айткандарын төмөндөгү видеотасмадан көрүңүз:

Ташманбет Кененсариевдин айрым эмгектери  орус, өзбек, кытай жана иран тилдерине которулган

Профессор Ташманбет Кененсариевдин илимий эмгектери 300дөн ашуун.  Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу колдонмолору кыргыз, орус, өзбек, кытай, иран тилдерине которулуп, жарык көргөн. Аны атай кетсек, «Кыргызстандын Орусияга каратылышы», «Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү», «Кокон хандыгы жана кыргыздар», «Искак Асан уулу Полотхан», «Алымкул аталык», «Культурогенез кыргызского народа», «Экономическая политика царского правительства в Кыргызстане во 2-й половине XIX-начале XX вв.», «Менин мамлекетим, Моя страна, My State» жана башка монографиялары.

Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилдерден ушул күнгө чейинки актуалдуу маселелери, санжыралары, түрк элдеринин дүйнө цивилизациясындагы орду, Манас баатырдын тарыхый чындыгы сыяктуу илимий маселелер боюнча изилдөөлөрү бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: