Кол өнөрчүлөрдүн ишин жөнгө салуу үчүн ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева жаңы мыйзамдын долбоорун коомчулук талкуусуна койду.
Анын негиздемесинде кол өнөрчүлөрдүн укуктарын коргоо, каада-салтты кайра жаратуу, калкты иш менен камсыз кылуу маселелери камтылары айтылат. Бул тармактын өнүгүүсү бир дагы мамлкеттик программаларда камтылган эмес.
“Кол өнөрчүлүктү социалдык-экономикалык феномен катары көргөн бирдиктүү түшүнүк жок. Ошондутан кол өнөрчүлүк азыркы экономикабызда аныктама алган эмес”, – деп жазылат документте.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ