Menu

Кой-Таш боюнча коомдук комиссия Арашандыктарды укту

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиянын экинчи жыйыны өткөрүлүп, ага коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев, Мукаш Осмоналиев, Жолборс Жоробеков, КР Жазуучулар Союзунун экс-төрагасы Чолпонбек Абыкеев, экс-премьер-министр Алманбет Матубраимов ж.б. катышып, алардын ар бири 7-8-августтагы Кой-Таш окуясына, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана күч структураларынын иш-аракетине өз бааларын беришти.

Ушуну менен бирге Коомдук комиссиянын жыйыны урматтуу аксакалдардын катышуусу менен гана чектелбестен, бул иш-чарага күтүүсүздөн Арашан айылынын, чабуул болгон учурда Атамбаевдин үйүндө болгон тургундары да келип калышты. Алар Коомдук комиссиянын мүчөлөрү менен таанышып, бул иш калыс жүргүзүлүп жаткандыгын билүү, ошону менен бирге Кой-Таштагы окуя боюнча өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүү үчүн бул жыйынга келишкен.

Арашан айылынан келген тургундар күч структураларына болгон нааразылык талаптарын билдиришти. Атап айтсак, Арашан айылынын тургуну Нуржамал Ташыбаева катуу добуш чыгаруучу гранатанын жарылуусунан жабыр тарткан. “Атайын багыттагы кызматтын аскерлери чабуулду тынч чогулган тургундар тараптан эмес, Атамбаевдин үйү жагынан баштаса, ошондой эле Атамбаевдин үйүнө күзөттөн башка эч ким жок, эртең мененки убакта келишсе болмок”, – деди ал.

Кой-Таш окуясы боюнча Коомдук комиссияны “Ак калпак” саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев жетектейт. Анын курамына Рамазан Дырылдаев, Табылды Акеров, Сапар Аргымбаев, Чолпонбек Абыкеев, Мукаш Мамбетов, Кубан Дүйшеев, Жаманкул Жунусов, Улан Бабаназаров, Бакыт Стамов, Улан Мадмаров, Таалай Мадаминов киришкен.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: