Menu

Үй ээлерин жана каржы мекемелерин алдап жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан үй ээлерин жана каржы мекемелерин алдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон адам Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам коштоосу менен Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн ички иштер органдарынан жашырынып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жаранынын кайда экендиги аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда Москва шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну, 1978-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 350-беренесинин 2-бөлүмүндө (Жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн Ош облусунун Алай РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөндүктөн, издөөгө алынган. Материалдык жактан жеңил баюу максатында жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон. Андан соң, кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. 2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алгандан кийин ан өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.

Азыркы учурда издөө алган тарап маалымдалып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча маселелер чечилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: