8-октябрда Бишкектеги Коенкөзов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн бешинчи кабатынан бала секирип кеткен. Анын каза болуп калганы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн (16-октябрда) билдирди.
Алардын айтымында, баланын баш мээси чайкалып, оор абалда ооруканада дарыланып жаткан. Тилекке каршы, 17 жаштагы бала эсине келе албай, бүгүн, 16-октябрда Улуттук госпиталда каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ