Menu

9 пайыздык босого гана кийинки парламенттин сапатын камсыздай алат!

Бөлүшүү:

Кезектеги парламенттик шайлоонун болоруна бир жыл убакыт калды. Шайлоонун алдында эле этек-жеңдеринин түрүнүп, шымалана эл кыдырып калуучу баягы эле эски жүздөр кайрадан эле активдеше түштү.

Дээрлик беш жыл бою курсагын сылап гана отуруп, “размерин” чоңойтуп алгандар да кыймылдай башташты. Анан дагы “Мен мектепте биринчи атаман болчумун” дегендер кайрадан эле “сахнада”. Айтор, улам жаңы чакырылышка келген депутаттардын деңгээли мурункулардан алда канча төмөн болуп отуруп, парламент базарга эле окшоп калды. Өзүнүн бизнесин коргогондор менен бирөөнүн бизнесин коргоп “кызмат кылгандар” көпчүлүктү түзүп калган сыяктуу. Ошентип парламентке келгендердин өздөрүнүн жашоолору жакшырып, “иттери чөп жеп” жатканы менен элдин жашоосун жакшырта турган жакшы мыйзамдар жазылбай жатат.

Демек, парламентги жаңылай турган учур келди. Эми бизге курсагынан ынтыккандар менен булчуңуна мактангандар, тилин чайнап сүйлөгөн билимсиздер, жеке бизнесин гана коргоп отургандар жана элге патриот болуп көрүнүп “шабашка” жасагандардын кереги жок. 2020-жылы парламентке толук татыктуу, билимдүү, эл-жер үчүн күйгөн чыныгы патриот инсандар гана келет деген терең ишенимибиз бар.

Бул үчүн 9 пайыздык чек бар. Парламентке жеке кызыкчылыктарын көздөгөн майда-чүйдө партиялар кирип кетпеши үчүн бул 9%дык чек эң жакшы кызмат кылат. Жогорку Кеңешке майда партиялар кирип алып, анан алар “коалицияны таркатабыз” деп ар кандай саясий оюндарды жасап, өкмөттүн курамын тез-тезден эле иштетпей алмаштыра берише турганын көрдук.

Азыр Жогорку Кеңеште эмне болуп жатканын караңыздарчы. Ал жакта керексиз партиялар көп жана анын депутаттары төрт жылдан бери эч нерсе жасабай эле өздөрүнүн бизнестеринин маселелерин чечип отурушат. Анан алар өкмөттүн ишине жардам кылгандын ордуна тоскоолдуктарды жаратып, өздөрүнүн фирмаларынын, компанияларынын кызыкчылыктарын коргошот.

Анан парламентте кара күчкө бакылдап, элге жакшы көрүнүүнүн амалын издешет. Жогорку Кеңештин депутаты деген мандаттын арты менен байып алгандары толтура. Өздөрүнүн компанияларынын салыктарын жашырат, бардык жерде коррупциялык схемаларды түзүшөт, анан кайра өкмөттү күнөөлөп коюшат.

Мына ушундай депутаттар эми кайра парламентке келбеши керек. Парламентке 9 пайыздык чектен өткөн эки же үч гана партия келсе, демек ошондо иргелгендер келет. Ошондо ар кандай интригалар токтойт, туруктуу иштей турган өкмөт түзүлөт. Туруктуулук болгон жерде өнүгүү болот. Андыктан 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоодо татыктууларды гана тандап алалы!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: