Menu

Бишкекте кыргыз бизнесмендери Голландиянын айыл-чарба компанияларынын өкүлдөрү менен жолугууда

Бөлүшүү:

Азыркы саатта айыл-чарба тармагында иштеген 15 голландиялык компаниянын өкүлдөрү кыргыз бизнесмендери менен жолугуп жатат. Эки өлкөнүн ортосунда заманбап технологиялар, жашылча-жемиш сактоочу жайлар, күнөскана, картөшкөнү кайра иштетүү жабдыктары менен тааныштыруу жана ун өнөр жайы, сүт, мал чарба, куш чарба, жем өндүрүү, этти, балыкты, жемиштерди экспорттоо маселелери талкууланууда.

“Эки тарап бири-биринин мүмкүнчүлүктөрүн билип алганы жөндүү. Кыргызстанда агро тармагын өнүктүрүү абдан маанилүү. Күнөскана, муздаткыч, складдар, картөшкө боюнча бир нече долбоорлорубуз бар. Ишкерлер ушинтип пикир алышып, келишим түзүп турса, эң сонун болот”, – дейт Нидерландынын элчиси Андре Карстэнс.

“Кыргызстандын жайгашкан жери ыңгайлуу, коңшу базарларга чыкса болот. Биздин кызыгуубуз абдан эле күч”, – деп кошумчалады ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: