Menu

Шерадил Бактыгулов, эксперт: “Пропорционалдык ыкма демократияга эң жакын система болуп жатат…”

Бөлүшүү:

– Шерадил мырза, Кыргызстанда шайлоо жакындаган сайын анын эрежелери тууралуу талаш-тартыштар улам күчөп жатат. Коомчулукта шайлоонун аралаш, пропорционалдык-мажоритардык ыкмада өткөрүү боюнча сунуштар арбын айтылууда. Бирок, азыркы мыйзамда көрсөтүлгөн пропорционалдык катышта шайлоо өткөрүүнүн кандай артыкчылыктары бар?

-Коомчулукта түрдүү пикир жаратканы менен пропорцияналдык ыкма демократияга эң жакын система болуп жатат. Аталган система партиянын кадырын арттырып, партиялардын ролун жогорулатып, алардын өнүгүшүнө жакшы шарттарды түзүп, майда партиялардын чоң партияларга айланышына мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Башкача айтканда, саясий плюрализмге жол ачууда.

Бирок, ошол эле мезгилде партиялык системанын ийгилигин анча байкабагандар мажоритардык системанын артыкчылыгын айтып, партиялык система келгени жоопкерчилик жоголду дешет. Чынында мажоритарлык системага караганда пропорционалдык система ачык жана түшүнүктүү. Элди, мамлекетти майдалабайт. Шайлоого мүмкүнчүлүгү бар программасы эл тарабынан колдоого алынаарына көзү жеткен гана партиялар катышат.

Эгер биз майдаланып мажоритардык система менен шайлоого бара турган болсок, биз да майдаланып, мамлекетибизде өнүгүү жок болуп, парламентке келген депутаттар өз алдынча иштеп, мамлекеттик маселени эмес, элдин көзүнө көрүнүп калайын деп жеке маселелерин көтөрүп, кээде убадаларын унутуп, позициясын өзгөртүп, өз кызыкчылыктарын жогору коюп калышат. Пропорционалдык системага биротоло өтсөк, элдин сынынан өткөн күчтүү партиялар парламентке келип, партия аркылуу мамлекетте туруктуу өнүгүү, туруктуу жана майнаптуу иштеген өкмөт пайда болот. Ошондой эле партия аркылуу депутат болгондор позицияларын да өзгөртө албай, берген убадаларын аткарууга аргасыз болуп калышат.

– Шайлоо системасындагы талаш жараткан дагы бир жагдайга токтолсоңуз. Партиялардан баш адашкан заманда 9 пайыздык босогону колдонуу туурабы? Бул демократиялык жактан артка чегинүү эмеспи?

– 9 пайыздык босогону шайлоо мыйзамдарына киргизүү аракетин биринчилерден болуп, Феликс Кулов көтөргөн. Кийин Өмүрбек Бабанов менен Мирлан Жээнчороевдер демилгечи болуп мыйзам жазышкан. Ал мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. 2020-жылы күчүнө кирет.

Негизи 9 пайыздык барьер өтө эле жогору деп сындаганыбыз менен анын жакшы жактары да бар. Маселен, мурда саясий партиялардын тагдырын бир-эки эле саясатчы чечсе, шайлоого аттанган талапкерлердин тизмесин ошол эки эле саясатчы аныктаса, тогуз пайыздык чендин жардамы менен партия лидеринин диктатурасын төмөндөтөт. Элден колдоо табуу үчүн партия күчтөнүүгө, адискөй адамдарга басым коюуга жана партиянын программаларын жакшыртууга аргасыз болушат. 9 пайыздык барьерден өтөлү деп саясатчылар эмес, саясий партиялар күчтөнүүгө аргасыз болушат. Өлкөнүн өнүгүшүн ойлоно турган адамдар депутат болсо, мамлекет үчүн да, партия үчүн да пайдалуу болот. Бизде 9 пайыз жогору дегенибиз менен Түркияда 10 пайыз. Аны европалык комитет “мыйзам бузуу эмес” деген чечим чыгарган. Мындай чек бардык эле мамлекеттерде бар. Кыскасы, 9 пайыз барьердин жардамы менен саясий партиялардын мыктысы гана парламентке келип, шайлоочулар менен жакшыраак иштешүүгө аргасыз болушат. Жыйынтыгында, элдин шайлоого болгон кызыгуусу жаралып, шайлоого кайдыгер карабай катышып калышат.

9 пайызды сындагандан мурун, ал система кандай иштей тургандыгын көрүшүбүз керек. Эгер чындап эле оорчулук жарата турган болсо, алмаштырсак деле болот.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: