“Киши Ааламдын энергиясынан жаралат, ошондуктан Жараткандын милдетин аткарып, кудайкиши боло алат”, – деп Р.Арапова бүгүн, 16-октябрда басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал Арстан Алайдан жогорку психология билимин алып, ракты кантип айыктыруу керектигин билиптир.
“2017-жылы Lancet журналында жарыяланган изилдөөлөр боюнча рактын ар кайсыл түрүнөн 4,6 млн киши каза болгон. Медицина дарттын белгисиз этиологиясын, туташтырган ткандын системалуу кеселдерин, психикалык жактарын билбейт. А мен билем. Канчалык киши эртерээк Аалам энергиясын түшүнсө, ошончолук тез сакайып кетет”, – деди врач айым. Ал дагы Арстан Алайдын сөзүн кайталап: “21 кылымдын башында Аалам күчтөрү инопланетяндардын кебетесин алып, жерге түштү, көзгө көрүнбөгөн күчтөр – суунун, жердин, оттун курамында бар”, – деп салбадыбы.
Ошондой эле Арапова бул кылымда киши денесинин анатомиясы астрологиянын милдетин аткарып, энергоөткөргүч болуп каларын айтты.№4 үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымы Сейнебүбү Кудайбергенова Паркинсон оорусу менен ооруганын, анан теледен Арстан Алайды көрүп, ага барып, жогорку психология билимин алгандан кийин айыгып кеткенин айтты. Бир лабороториянын лобаранты Анара Абылалиева да жатындын миомасы менен ооруп, Арстан Алайга барып, билим алгандан кийин айыгып кеткенин айтып олтурат. Кыскасы, Арстан Алайды атайын экспертизадан өткөрөбүз дегенден кийин тарапташтары коргоп чыга баштады көрүнөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ