Menu

Видео – Жанар Акаев, ЖК депутаты:  «Динге, окутууга деп элчибиздин Түркиядан акча сурашы туурабы?»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов парламентке келип, диний маселелер боюнча баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Жанар Акаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядан «Ыйман» фондуна акча сураганы тууралуу суроону Зайырбек Эргешовго  узатты. «Өткөндө бир окуя болуп Түркиянын элчиси (Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат жөнүндө сөз болууда. Ал май айында, Рамазан айындагы ооз ачырууда муфтий Максатбек ажы Токтомушевге «Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып берген”,-деп Түркия тарап берген акчаны баса белгилеп, доомат кылган – авт.), “биз силерге мечит салып бергенбиз. Жардам берип жатабыз”,- деп айтып чыккан. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Дегеле динге, окутууга кандай каражат кетет? Ушул багытка элчибиздин акча сурашы кандай көрүнүш? Башка нерсеге, мисалы экономика жана башка маселелер боюнча акча сурасак болот эле. Бул боюнча мамлекеттин позициясы барбы?»»» – деди Жанарбек Акаев.

Депутаттын мындай ыңгайсыз суроосуна Зайырбек Эргешов: “Буга чейин Түркия «Ыйман» фондуна өз демилгеси менен жардам көрсөткөн. ММКларда маалымат туура эмес берилип калды. Себеби бул эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Түркия жардам берүү тууралуу демилге көтөргөн. Элчи мырза ушул жөнүндө сөз кылса керек»,-деп жооп берди.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы Дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолукканда  «Ыйман» диний маданиятты  өнүктүрүү фондусуна деп 5 млн.доллар сураганы тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: