Menu

Өзбекстан Түрк кеңешине мүчө болду

Бөлүшүү:

Өзбекстан расмий түрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болду. Чечим 15-октябрда Азербайжандын Баку шаарында өткөн саммит учурунда кабыл алынды.

Түрк кеңеши 2009-жылы түзүлгөн. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мүчө. Бул топко кошулуу үчүн Өзбекстан сентябрда арыз берген. Былтыр Кыргызстанда өткөн Түрк кеңешинин жыйынында Венгрия байкоочу өлкө катары катышкан.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жетинчи саммитинде сөз сүйлөп, бирдиктүү технопарктарды, инновациялык стартап-компанияларды, бирдиктүү инвестициялык фондду түзүүнү жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн соода үйлөрүн ачууну сунуштады.

Шавкат Мирзиёев Европа, Кытай жана Түштүк Азия рынокторуна эшик ача турган ири транспорттук-коммуникациялык долборлорду ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Баку-Тбилиси-Карс жаңы темир жолунун потенциалын жигердүү пайдалануу зарылдыгын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: