Menu

Иманалиев мыйзамсыз менчиктеп алган “Эркин-Тоосун” буздуруп жатат. Бийлик билмексен…

Бөлүшүү:

Редакциядан: Жогорку Кеңештин жоругу жолдо калгыр Каныбек Иманалиев деген депутаты айтылуу “Эркин -Тоо” басмаканасын мыйзамсыз менчиктеп алганына көп болду. Ал жерге мындан 3-4 жыл мурун эле бийик имараттарды кура турганы ЖМКларда көп жазылып, көп айтылган. Элге жедеп жек көрүнду болуп бүткөн Иманалиев ошол арам оюн эми ишке ашырганы турат окшобойбу. Эмнеге дегенде бир жумадан бери ал “Эркин -Тоонун” имаратын таш-талканын чыгарып, буздуруп жатат. Бишкек шаарынын башкы архитектура мекемеси: «Бул жерде коммерциялык жана турак-жай блоктору, анын ичинде авто токтотмо жайы бар 10 кабаттуу мейманкана комплекси курулат” — деп билдирди.

Бир кезде сыймыктуу болуп турган далай окуяларды өзүнө камтыган тарыхый имаратыбыз азыркы чалкеш заманда ичи былыктардын колуна кетип, минтип чаңы асманга сапырылып, тарых бетинен өчүрүүгө дуушар болду. Бийлик болсо билмексен, өлөсөлүү өкмөтүң мындай маселеге тиши да өтпөйт, ичи да оорубайт.

Алкымы чоң аткаминер сөрөй арамдар мамлекетти минтип мите курттай соруп, сырткы душман да батынып жасабаган жаман ишти ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Эмне дейбиз, андай акмак, наадандардын укум-тукумуна чейин наалат айталы. Шалаакы бийликтин бетине түкүрөлү. Учурда “Эркин-Тоонун” имаратын талкалап, чаңын кандай асманга сапырып жаткандар да бийлик болбосо да, Кудай тарабынан жазаланаар. Балким, ага чейин эле жакын арада жаман ишке кириптер болуп да калышы ажеп эмес. “Эркин-Тоонун” имараты Иманалиев менен Данияр Шабдановдун суук колдоруна кантип өтүп кеткени тууралуу журналист Айбек Шамшыкеев ошол учурда “Кош, «Эркин-Тоо», жериң кетти жемкорлорго!” деп аталган макала жазган. Учурда “Эркин -Тоонун” буздурулушу коомчулукта катуу талкууга алынып жаткандыктан, автордун ошол макаласын бир аз кыскартуулар менен, бирок өзгөртпөй окурмандарга сунуштайбыз.

Кош, «Эркин-Тоо», жериң кетти жемкорлорго!

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан элибизге эчактан белгилүү болуп келген мурунку “Эркин-Тоо” полиграфиялык ишканасы менен ага жанаша жайгашкан мурунку “Соң-Көл” кафесин Өкмөт башчы Темир Сариев Мамлекеттик тарыхый маданий мурастар тизмесинен чыгаруу боюнча токтомду токуп салды. Мындай токтом чыгышына аталган тарыхый мааниси зор имараттардын эскилиги жетип, колдонууга жараксыз болуп калганы себеп болуптур. Бул эми чынында болбогон шылтоо. Белгилүү болгондой, “Эркин -Тоо” менен “Соң-Көл” жараксыз абалга келбей эле, сопсонун эле турат. Ал жагы баарына маалым болчу. Кыязы, Темир Аргенбаевич бул маселенин чоо-жайын жакшылап текшербей эле токтомго кол коюп салса керек. Негизи бул маселенин өңүтү такыр башкада. Белгилүү болгондой, “Эркин-Тоо” ишканасы (Эркиндик №45) 1 гектарга жакын жайгашкан. Бул имараттын тарыхый мааниси чынында абдан чоң. 1931-жылы курулган. Мисалы, башкасын айтпаганда да, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында легендарлуу 163-аскер бригадасы түзүлгөн. Кийинчерээк бул имаратка “Эркин-Тоо” басмаканасы жайгашып, ал жерде ондогон адамдар иштеп, атагы алыска, даңкы далайга чыгып турган. Союз тарап, кыргыз мамлекетинде менчиктештирүү саясаты күч алганда  бул имаратты менчиктеп алууга ашыккандардын саны арбын болгон. Акыры бул аракет Равшан Жээнбеков 2001-2004-жылдары Мамлекеттик мүлк фондусун башкарып турган жылдары ийгиликтүү ишке аша баштайт. Айтмакчы, 2000-жылдары “Эркин-Тоо” мамлекеттик ишканасы ачык акционердик коому болуп өзгөргөн.

Аталган ишканада 1996-2000-жылдары Данияр Шабданов (азыр Кара-Балта шаарынын мэри ) ар кандай жооптуу кызматтарда иштейт. Ишкана ачык акционердик коом болуп өзгөргөндө, Шабданов башкы инженерликтен башкы директордун орун басары болууга жетишет. Ал эми 2010-2011-жылдары башкы директор болуп иштеп, ал жерден Кара-Балтага мэр болуп кеткен. Шабданов менен Иманалиев 1996-жылдардан баштап экөө биригип алып, “Эркин-Тоону” менчиктештирүү саясатын колго алышкан. Капашович ошол жылдары Аскар Акаевдин эрке өкүл баласы катары мамлекеттин көзгө басар басмаканасы “Учкунду” башкарып, өзү каалаган сасык саясатын жүргүзүп турганы көпчүлүккө маалым. Мисалы, аталган басмаканага караштуу, бери болгондо 4-5 гектар жерин жең ичинен сатып жибергендигин кимдер билбейт. Бүгүнкү күндө ал жер тилкелерине “Даймонд сити” деген курулуш фирмасы бир эмес, бир нече асман тиреген (эң бийиги 14, жапызы 4-5 кабат) кабат үйлөрдү салып, аны сатуу менен алек. Иманалиев бул кылмыштуу ишке жооп берген жок, жооп бермек тургай, андай Теңирден тетири иштерди андан кийин да жоон тобу менен ийгиликтүү ишке ашырган. Ошентип ал “Учкундун” жерлерин жең ичинен сатканына шүгүр деп калбай, 300дөн ашык акционерлери бар “Эркин-Тоо” ишканасын Шабданов менен биргеликте, Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүргөн жылдары 96 пайыз акциясын менчиктештирүүгө үлгүргөн. Акыркы маалыматтар боюнча бул экөө калган 4 пайыз акциясын дагы жакында эле менчиктештиришкен экен. Бирок бул эки кыйтыр “Эркин-Тоонун” акцияларын өздөрүнүн наамына эмес, аялдарынын наамына, тагыраак айтканда Иманалиев Шаткүл Кулматовага, Шабданов Гүлмира Усубалиевага жаздырышкан. Ал эми жүздөгөн акционерлер бул ишканадагы өздөрүнүн акциясы үчүн бир да тыйын албагандыктарын айтып, нааразы болушууда. Ал эми бул боюнча түзүлгөн комиссия жана өкмөттүк айрым мекемелер да бул маселеге каршылыгын билдиришүүдө.

Иманалиев менен Шабданов акцияларга кантип ээлик кылышкан?

Баса, бул ишканада учурда мамлекеттин да азыраак үлүшү бар. 2001-жылы Мамлекеттик мүлк фондусу “Эркин-Тоонун” 80 пайыздан ашык акциясына ээлик кылып турган. Бирок ошоя жылы 40 пайыз акциясын сатууга чыгарып, ал жарыяны “Учкунду” башкарып турган Каныбек Иманалиев негедир мамлекеттик “Кыргыз-Туусу”, “Эркин-Тоо” гезиттерине жарыялатпай, элге белгисиз өтө эле аз нускалуу “РИФ” деген гезитке жарыялаткан дешет. Бул да болсо, 40 пайыз акцияны көпчүлүккө жар салбай, эч ким окубаган гезитке (2001. 10-август) эптеп чыгарды кылып, анан жең ичинен өзүнө алып калуу аракети болсо керек. Мамлекеттин бул ишканадагы 40 пайыз акциясын сатып алуу сынагына “ЭНиК” жана “Кагазкомпани” деген эки гана компания катышып, мурда сүйлөшүлгөндөйбү, айтор “ЭНиК” компаниясы 40 пайызды болгону 1,23 млн. сомго сатып алгандыгы боюнча маалыматтар бар. Бул компаниянын жетекчиси азыр Бабановдун НТС каналында жооптуу кызматта иштеген Бермет Турдуниязова болгон. Чынында бул компаниянын артында Иманалиев тургандыгын билгендер айтып жүрүшөт.

2002-жылы Мамлекеттик мүлк фондусу “Эркин-Тоонун” калган 40, 66 пайыз акциясын сатыкка чыгарып, бул жолу сатып алуучулардын саны мурункуга салыштырмалуу бир топ болот. Алардын арасында “ЭНиК” компаниясы да болгон. Жыйынтыгында “Эркин-Тоонун” ошол кездеги менеджери Ж. Сыдыгалиев 2,1 млн. сом сунуштап, жеңүүчү аталат. Иманалиевдер колдогон компания 40 пайыз акцияны болгону 1 млн. сомдон ашыгыраак акча менен алса, Бектеналиев 40,66 пайыз акцияга эки эсе баа сунуштаган. Албетте, “ЭНиК” компаниясы 40 пайызды жең ичинен соодалашуу менен мамлекетке зыян келтирүү жолу менен алгандыгы ачык эле көрүнүп турат, бирок ал боюнча эч кандай кылмыш козголбой, бир да адам жооп берген эмес. Эң эле кызыктуу далил мындай болгон. Маммүлктүн ошол кездеги жетекчиси Равшан Жээнбеков аукциондо утуучу болгон “Эркин-Тоонун” өкүлү Ж. Сыдыгалиевге 40,66 пайыз акцияны берүүдөн атайылап баш тарткан экен. Сыдыгалиев бул боюнча укук коргоо органдарына арызданган. Ал тургай 2001-жылы “Эркин Тоонун” акциясы мыйзамды бузуу жолдору менен сатылганы боюнча фактылардын негизинде да тиешелүү тарапка даттанган. Бирок Иманалиевге ал кезде Акаевдин эрке өкүл баласы болгондуктан Баш прокуратура баш болгон мыйзамды сактоочулар кылмыш козгоодон жаа бою качышкан. Иманалиевдин “Эркин-Тоону” менчиктештирүү аракетине ошол кездеги жардамчысы, кийин “Учкунга” директор болгон Кубат Болотканов да жакшы эле кол кабыш кылгандыгы боюнча да кененирээк маалыматтар бар, бирок аны азырынча мисалдабай эле коёлу.

Ошентип, бул маселе Шабданов менен Иманалиевдердин пайдасына чечилгенин бүгүн баамдап билсек болот. Бул эки аткаминер “Эркин-Тоону” мыйзамдуу жолдор менен менчиктештирип алышса да кеп бир аз башкача болмок. Анан кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамды бузуу жолдору менен мамлекеттин мүлкүн менчиктештирип алышкандыгы үчүн сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек. Бул имаратка байланыштуу дагы бир кызыктуу маалыматтарды көпчүлүк билбесе да, саясатчылардын баардыгы билишет. Ал төмөнкүчө: Иманалиев кадимки Карганбек Самаковдон “Эркин-Тоо” имаратына “доляга” кошуу максатындабы, айтор 200 миң доллар алган экен. Андан тышкары, Самаков, “Эркин-Тоо” имаратынын ордуна асман тиреген үйлөрдү салдыруу үчүн инвесторлорду таап келмекчи болот. Бирок, кандайдыр негиздер менен ишке ашпай калганбы, же Иманалиев ортодон ишти бузганбы, айтор ал Самаковдон кызылдай 200 миң доллар алып алган бойдон, ушул кезге чейин бербей жүргөнү да айтылууда. Бул кеп да бекеринен чыкпаса керек.

дөйбү, айтор “ЭНиК” компания-сы 40 пайызды болгону 1,23 млн. сомго сатып алгандыгы боюнча маалыматтар бар. Бул компания-нын жетекчиси азыр Бабановдун НТС каналында жооптуу кызмат-та иштеген Бермет Турдуниязова болгон. Чынында бул компания-нын артында Иманалиев турган-дыгын билгендер айтып жүрү-шөт.

7 млн. долларга сатуу аракети жемиштүү болобу?

Айрым бир маалыматтарда Иманалиев менен Шабданов “Эркин-Тоонун” калган акцияларын акционерлери жок эле толугу менен өткөзүп алуу максатында Мамлекеттик мүлк фондусунун билермандарына аз эмес өлчөмдөгү пара беришкендиги айтылат. Албетте, мындай да болушу толук мүмкүн.

Борбор шаарыбыздын так ортосунан орун алган, болгондо да 1 гектарга жакын жер тилкесинде жайгашкан чоң имаратты ушундай жолдор менен менчиктештирүүгө жетишишкен Иманалиев менен Шабданов чет элдик курулуш компаниясына 7 млн. долларга сатууга камынып жатышканы маалым болду. Аталган фирмадан буга чейин 1 млн. долларды “аванс” катары алып коюшкандыгы да айтылат. Ал чет элдик компания ал жерде алгач 34 кабаттуу асман тиреген үй салмакчы болуп, бирок ага уруксат берилбегендиктен 12 кабат үй салаары тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Булардын мындай акча табуу деген арам ою ишке ашчудай болуп турат…

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: