Кечээ, 16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашкан. Анда Арстан Алай да сөз болуп, анын айткандары экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов билдирген.
Бул тууралуу Арстан Алайга кайрылсак, ал: “Сессияны көрдүм, уктум. Айтышты, айткандарынын жыйынтыгын күтөлү. Бирок, мен эч кандай террористтик иш кылган жокмун. “Кыргыз уулумун, куткаруучу Кудай ролун аткарам дедим», – деди.
Эске сала кетсек, Арстан Алай өзүн «Ааламдын Кудайы» деп жарыялаган маалымат жыйынды 1-октябрда өткөргөн жана социалдык тармактарга ал ушундай сөздү жайылтып келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ