Menu

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Шайлоодо 9 пайыздык босого эрежеси көп партиялардын өтүшүнө тоскоолдук кылат”

Бөлүшүү:

– Эмил мырза, шайлоо боюнча кабыл алынган мыйзам коомчулукта катуу талкууга алынып жатканын өзүңүз жакшы билесиз. Өзгөчө 9 пайыздык босого эрежеси катуу сынга алынууда. Мындай мыйзам менен шайлоодо жалаң байлар, аткаминерлер гана депутат болуп шайланып келишери эм-тен белгилүү болуп турат. Сиздин пикир кандай?

– Шайлоо боюнча кодексти өзгөртүүнү биз 2016-жылдын аягында кабыл алганбыз. Жеке менин пикирим шайлоого катышам деген ар бир жаранга талапка ылайык шарттарды түзүп беришибиз керек. Мына ушул багыттан алып караганда мен 9 пайыздык босого эрежесине каршымын. Себеби, көптөгөн партиялардын өтүшүнө тоскоолдук кылып коёт. Буга чейин иштеп келген 7 пайыздык босого эрежеси идеалдуу болчу. Эгер элдин сынын кабыл алып, бул мыйзамды өзгөртөбүз десек 2020-жылдын июнь айына чейин өзгөртүшүбүз керек. Ал убакыттан кечиксек анда өзгөртө албай калабыз. Себеби, шайлоого 6 ай калганда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө тыюу салынган. Кийинки чакырылыштын деңгээли азыркы чакырылыштан айырмасы деле болбойт. Мүмкүн төмөнүрөөк болоор, бирок жогору болбойт. Бул жагын жалпы коомчулук жакшы түшүнүп турат.

– Парламент мөөнөтүнө жетпей тарайт, жазга жетпей шайлоо болот деген кеп байма-бай айтылып жатат. Бул кепке сиз макулсузбу?

– Чынын айтканда парламентти таратууга негиз жок. Баш мыйзам боюнча парламенттин өзүн-өзү таратуу жолу бар, президенттин таратканга укугу жок. Парламент тарайт деген сөздөр буга чейин да айтылып келген, мындан кийин деле айтыла берет. Коомчулук деле ар кандай сөздөргө анчалык маани бербей көнүп калды. Парламентке элдин нааразычылыгы болуп келген, мындай кийин деле боло берет. Анын үстүнө шайлоого 6 ай эле убакыт калды. Эгер дагы 3-4 жыл убакыт болсо, анда кеп башка болмок. 6 ай ичинде эч кандай деле өзгөрүү болуп кетпейт. Деги эле Кыргызстанда жазгы шайлоолордун арты жакшы менен бүткөн эмес. Муну баарыбыз жакшы билебиз. Азырынча эл каалаган чоң партиялар деле даяр эмес. Кыскасы, менин оюмча, шайлоо өз убагында эле болот.

– Сиз парламенттеги маанилүү комитетти жетектеп жатасыз. Экономика, бюджет маселеси сиздин комитеттин ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштуу. Сиздердин да бул маселеде жоопкерчилигиңер чоң. Бул багытта качан жылыш байкалат? Барган 3 сайын эле көйгөйлөр көп болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес…

– Туура. Мамлекетибиздин экономикасы жарды, бюджети тартыш болуп жатат. Эл өзүнүн күчү менен байыганга аракет кылууда. Мындайча айтканда табигый жол менен. Мисалы, сенин коңшуларың бай болсо, сен ачка болбойсуң; кедей жашабайсың, себеби кошуналарың жакшы болсо сени алдыга сүйрөп кетет.

Биз ЕАЭСке мүчө болуп киргенде экономикабызга сокку ура турган маселелерди жакшы чече албай калганбыз. Мына ошол тескери жыйынтыктын кесепети эми тийип жатат. Мисалы, кийим тигүү, жемиштерибизди, азыктарыбызды экспорттоо маселеси ойдогудай болбой, укугубуз тебеленип, кыйла көйгөйлөр жаралууда. Жер казынасын пайдалануу, өндүрүш ж.б. багыттарда да жыйынтык жакшы эмес. Салык, Бажы кызматтарынын көрсөткүчү биз ойлогондой болбой турат. Кыска экономика жаатында азырынча жылыш жок. Бир гана жыйынтык бул өкмөттүн жолдорубузга видеокамера орноткону болду. Чынында “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашкандан бери жол кырсыгы азайып, айдоочулар тартипке түшүп калды. Абылгазиевдин өкмөтүнүн бир жакшы иши ушул деп айтат элем. Россия биздин мигранттардын Кыргызстанга которуп жаткан акчасынын көлөмүнө чектөө киргизип койду. Андай болсо биздин ЕАЭС боюнча укугубуз кайда калат? Экономикабызды көтөрүүгө өбөлгө түзө турган мыйзамдарыбыз жетиштүү. Бирок ошол мыйзамдар иш жүзүндө толук кандуу иштебей жатат. Буга кошумча саясый чечим да жетишпей турганы байкалууда.

– Бюджеттин аткарылышы боюнча да көйгөйлөр көп да. Жакшыртуу боюнча аракеттер барбы?

– Бюджеттин аткарылышы баягыдай эле начар болуп келатат. Эч ким жоопкерчиликти сезбей жатат. Биз комитеттен тиешелүү министрлер бул маселеге жооп берсин деген чечим чыгарганбыз. Бирок андай болгон жок, тескерисинче өкмөт башчы ошол иштебеген, жоопкерчиликти жакшы сезебегендерди кызматтан кызматка көтөрүп, же ордунда калтырып, коргоп коюп жатат. Кызматтан чоң кемчилик кетирип, кызматтан алынган министрлерге деле эч кандай жаза жок. Мисалы, Экономика министри болуп иштеп кеткен Олег Панкротов кызматта жакшы иштеген жок, кемчилиги көп болду. Биз аны көп эскертүү берип, иштен алуу боюнча чечим чыгарганбыз. Ошол чечим
чыгаргандан бир жылдан кийин кызматтан алышты, бирок кайра президентке кеңешчи болуп дайындалды. Биз эми ал кишинин деңгээлин билебиз да, күчтүү экономист эмес.

– Коррупцияга каршы күрөшүүгө купулуңуз толдубу?

– Толот деп 100 пайыз ишенимдүү айтуудан алысмын. Бирок жыйынтыктар бар. Маселен, жогорку кызматтагы аткаминерлердин арасында коррупциялык көрүнүштөр кескин түрдө кыскарды деп айтууга болот. Ал эми ортоңку деңгээлдеги кызматкерлерде коррупция бар. Өткөндө Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин мурунку директору Рустамов 2000 доллар пара менен кармалды. Бул да башкаларга чоң сабак болот деген ойдомун. Ал эми ортоңку деңгээлдеги кызматкерлердин арасындагы коррупцияны кескин түрдө азайтууга укук коргоо органдарынын күчү жетпей жатат.

– Сиздин борбордон алыс жайгашкан айылыңыз Алайкуудагы көйгөйлөр тууралуу учкай кеп кылсаңыз…

– Алайкуу айылы борбор шаарыбыздан 1000 чакырымдан да көп алыстыкта жайгашкан тоолуу аймак болгондуктан ар кандай көйгөйлөр абдан көп. Быйыл жайкы каникул учурунда да ошол көйгөйлөрдү чечүүгө бир топ аракет кылдым. Менин демилгем, өкмөттүн жардамы менен бир топ жолдор оңдолуп, көпүрө салынды. Жайлоого бара турган ички жолдорду да оңдоп-түздөдүк. Жарыктандыруу иштери да жасалды. Бизде кар калың жаайт. Ошондон улам жолдор жабылып калып, элге түйшүк жараткан учурлар болуп калат. Быйылкы кышта андай учурларды алдын-алуу максатында ДЭУнун кышка даярдыгын чыңдоо иштери жүрүп жатат.

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: