Казакстандын айыл-чарба министрлиги бодо малды тирүүлөй чет өлкөгө чыгарууга алты айга тыюу салган чечимге келгенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Негизинен бир жашка чыга элек ургаачы торпокторду, эки жашка чыга элек ургаачы торпокторду, уйларды, койлорду, эчкилерди тирүүлөй сыртка чыгарууга болбойт. Казакстан бодо мал менен негизинен Өзбекстанды камсыз кылат. Ал эми Өзбекстанда фермерлик чарбаларды өнүктүрүү программасынын алкагында малчыларга башка өлкөлөрдөн бодо мал сатып алууга жеңилдетилген насыя берилет.
Былтыр Казакстандан өзбек туугандарга 50 миң баш бодо мал экспорттолгон. Бул жетишсиз. Ошондуктан башка өлкөлөргө чыгарып кетүүгө тыюу салынып олтурат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ