Menu

Тагдыр: “Кудайдан коркпогон кумарчы күйөөмдөн тажадым”

Бөлүшүү:

Учурда кумар оюндарынын кесепети айрым үй-бүлөлөрдүн бузулушуна себепкер болуп жатканы өкүндүрөт. Бүгүнкү каарманыбыз дагы күйөөсүнүн карта ойноп, арам акчага азгырылганынан тажаганын айтып, бизге төмөндөгүдөй маалыматтарды айтып берди.  Шайырдын бул баяны балким башкаларга сабак болуп калгысы бардыр…

– Картага азгырылган күйөөм жакында мени бирөөлөргө уттуруп жибербесе экен деп кадимкидей коркчу болдум. Кумар оюндарына азгырылган адам үй-бүлөсүн таптакыр ойлобой калат экен да. Кээде анын жумалап үйгө келбей калган учурлары да кездешет. Мындай жоругуна чыдабай бир күнү ага ыйламсырап:

– Элден уялчу болдум. Айылдагылар жалаң сен тууралуу кеп кылып жатышат. Бул жаман адатыңды таштасаң боло, – деп сурандым.

Ошондо күйөөм кабагын бүркөп:

– Элдин мени менен кандай иши бар? Андан көрө мага 3 миң сом таап берчи. Берген акчаңдын үстүнө кошуп 10 миң сом берем, – деди эч уялбай.

Бул сөздү укканда нааразы болуп:

– Тамекиңе 10 сом таба албаган сен эмнени кыйратмак элең!-  десем арданып кетип сыртты карай жөнөдү.

Терезеден карасам шүмшүңдөп камокту көздөй бараткан экен. “Эми бул акмак мас болуп келип дагы акча сурап башымды оорутат турбайбы” деп ичимден бир сыйра күбүрөнүп алып үйдөгү иштер менен алек боло баштадым. Ал болсо ошол бойдон үч күн үйгө жолобой койду. Досторунан сураштырсам коңшу айылга карта ойногону кеткен экен. Анын мындай адатына көнүп калгандыктан артынан издеп деле барбадым. Үйдөн кеткенине төрт күн болгондо кечке маал уруу мышыктай болуп короодо пайда болуп калган экен. Кыжырым келип өзүмдү араң кармап турсам жылмаңдап:

– Ме, ушуну керегиңе жаратып ал, – деп колума бир топ акча карматканда кайра өзүнүн чөнтөгүнө салып:

– Сенин арам акчаңдын кереги жок! Намысың болсо досторуңа окшоп курулушта иштесең да өз мээнетиң менен акча тап, – деп үйдү көздөй бассам колумдан тартып:

– Мен бул акчаны канчалаган азап менен таап келсем эмнеге албай жатасың?! – деди ызырынып тишин кычыратып.

А мен колун силкип жиберип үйгө кирип кеттим. Ал сөгүнгөн бойдон көчөнү карай бет алды… Биздин чыр-чатагыбыз ушул бойдон токтоп калбады. Акырында арам иш менен алек болуп Кудайдан коркпогон күйөөмдөн тажай баштадым. Учурда эч айламды таппай жатам. Ажырашып кетейин десем ортобузда төрт балабыз бар. Эмне кылсам экен?..

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: