Бүгүн, 17-октябрда ЖК жыйынында депутат А.Мамашова мектептердин сыртында жайгашкан туалет көйгөйүн көтөрдү. Анын айтымында, абал үрөйдү учурат.
“2015-жылдан бери сырттагы туалеттер жөнүндө көйгөй көтөрүлүп келет, бирок бир дагы жылыш жок. Эч ким көңүл бурбай жатат. Биз XXI кылымда жашап жатабыз. А эмнеге маселе чечилбей жатат? Эмнеге алар капиталдык ремонт планына кирбейт? Мындай жайлар мектептин ичинде гана болушу керек. Эмнеге келечек муундардын ден-соолугун ойлобойбуз. Бул керек болсо, тукумсуздукка алып келет. Директор менен мугалимдер ички жайга барышып, кулпулап салышат экен, а балдар сыртка чуркап барууга мажбур”, – деди депутат айым.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ