Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча эки ирет соттук процесске Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартты. Ал өзүнө козголгон кылмыш иштерин тааныбай, суракта да жооп берген эмес. Эми кескин түрдө сотко катышуудан баш тартып, УКМКнын камерасынан чыкпай атат. Мындай шартта күч менен алып келүү талабы коюлганы, бирок, Атамбаев андай аракеттер болсо ачкачылык кармоону айтып, коңгуроо какты. Учурда экс-президенттин ден соолугу табында болбой, кан басымы түшүп, башы айланып, алсырап атканы маалымдалды. Эгерде Атамбаев ачкачылык кармаса, кескин түрдө өзүн жоготуп, өлүп калышы мүмкүн. Кокус мындай кырсык болуп кетсе бийликтин бетине чиркөө болуп, аягы чоң чатакка айланып кетсе эмне болот? Андыктан, жети өлчөп бир кескендей жолду таап, кылдат мамиле кылуу керек. Сыягы, Атамбаев өлүп болсо да өч алып, баарын ала жыгылууну көздөп атсачы? Анда өлкөдө чоң саясый кризис жаралып, эртеңки күндү элестетүү кыйын болуп калбайбы?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ